
Жарыяланган
2026-14-09, 12:04Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына газ тартуу иштери жандандарылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, аталган аймакка газ тартуу иштери 2008-жылы башталып, ошол мезгилде 7 чакырымдай жерге газ түтүгү тартылган. Бирок газ түтүгүн тартуу иштери аягына чыкпай, токтоп калган.
Мэрия азыр Жапалакка газ тартуу иштери кайра жанданганын, учурда аймакка 2 чакырымдай жерге газ түтүгү тартылганын билдирди. Иштерди "Газпром Кыргызстан" компаниясынын "Ош шаардык газ" ишканасы жүргүзүүдө.
Бул иштер аяктагандан кийин Жапалак айылдык аймагындагы ички көчөлөргө газ түтүктөрү тартылып, турак үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери башталат.



