Akchabarsearch
Парламенттик шайлоону өткөрүүгө канча акча кетери белгилүү болду

Жарыяланган

2025-16-10, 10:55

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө канча акча кетери белгилүү болду

Быйыл 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 700 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. 

Аталган сумманын 382 млн 757 миң сому БШКнын чыгымдары болот. Бул акча шайлоону өткөрүү үчүн керектүү материалдарды сатып алууга, шайлоо тилкелерин техникалар менен жабдууга, маалыматтык материалдарды чыгарууга, окутуу өткөрүүгө, сый акы төлөөгө, иш сапарларга жана башка уюштуруу иштерине кетет.

Дагы 259 млн 243 миң сом аймактык шайлоо комиссияларына берилет. Аталган акча шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана техникалык операторлорго сый акы төлөөгө, иш сапарларга жана транспортко кеткен чыгымдарга сарпталат. 

Андан тышкары 58 млн сомду Тышкы иштер министрлиги алат. Бул акча чет жакта шайлоону уюштурууга жумшалат. 

Шайлоонү өткөрүүгө жалпы 29 миңден ашык киши тартылат. Алардын ичинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жабдуулар менен иштей турган операторлор бар. 


Тектеш материалды окуу