Akchabarsearch
Максатбек Ишенбаев Мбанкты жетектейт

Жарыяланган

2025-16-01, 11:02

Максатбек Ишенбаев Мбанкты жетектейт

Мбанктын директорлор кеңешинде өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Башкармалыктын жаңы төрагасы болуп Максатбек Ишенбаев дайындалды. Ал кызматына 2025-жылдын 15-январында киришкен.

Ишенбаев финансы секторунда 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар жана алдыңкы банктарды, камсыздандыруу жана лизингдик компанияларды ийгиликтүү башкарган. Эске салсак, ал буга чейин "Бай-Түшүм" банкын жетектеп келген.


Тектеш материалды окуу