Жарыяланган
2025-18-06, 10:38Кыргызстан 2030-жылы өлкөнүн ички дүн продукциясын 30 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу президент Садыр жапаров бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жапаров өткөн апатада 2025-2030-жылдарга чейинки Кыргызстандын өнүгүүсү боюнча жаңы стратегияны бекитип, жарыялаганын айтты. Ал өкмөт жана бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү документ болуп саналат.
"Ушул стратегиянын негизинде биздин мамлекет 2030-жылы ички дүң продукциянын көлөмүн 30 млрд долларга, ал эми калктын жан башына эсептегенде 4.5 миң долларга жеткириш керекпиз. Ушул коюлган талаптарды аткаруу жана аны турмушка ашыруу биздин өкмөттүн милдети. Бул максатты аткарууда, урматтуу депутаттар, сиздердин колдооңуздар абдан керек болот", - деди ал.