
Жарыяланган
2026-25-05, 16:18Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жылына эки жолу эл менен жолугушуу өткөрүүгө милдеттендирилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, облус башчылары жыл сайын февраль-март жана ноябрь-декабрь айларында эл менен жолугушуу уюштуруп, алардын маселелерин угушу керек болот.
Эскерте кетсек, буга чейин президент жети облустун башчыларына жана Бишкек менен Оштун мэрлерине май айынын ичинде эл менен кезигип, маселелерин угуп, чечүүнү тапшырган. Учурда айрымдарынын жолугушуулары аяктаса, айрымдарыныкы дагы деле уланууда.



