Akchabarsearch
Прокуратура: Сокулукта сугат көлмө мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2025-16-12, 10:00

Прокуратура: Сокулукта сугат көлмө мамлекетке кайтарылды

Чүйдүн Сокулук районунда сугат көлмөсү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Ал Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан. Жалпы аянты 12.3 гектарды түзөт. Сугат көлмө 2005-2006-жылдары мурдагы Крупская атындагы айыл өкмөтү тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен.

Райондук прокуратура жүргүзгөн иштердин натыйжасында сугат көлмө мамлекетке кайтарылган. Анын баасы 43 млн сомду түзөт. 


Тектеш материалды окуу