Akchabarsearch
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмүн көбөйтүү пландалууда

Жарыяланган

2025-12-06, 10:56

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмүн көбөйтүү пландалууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмүн 300 сомго көбөйтүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Азыр жөлөкпул бир балага 1 миң 200 сом берилсе, 1-августтан тарта аны 1 миң 500 сом кылуу пландалууда. 

Жөлөкпулдун өлчөмү калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү үчүн көтөрүлөт. 

Эскерте кетсек, «үй-бүлөгө көмөк» 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөрлөргө берилет. 

2025-жылдын 1-июнуна карата «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун өлкө боюнча 55 миң 13 үй-бүлөдөн 196 миң 151 бала алып жатат. 


Тектеш материалды окуу