Akchabarsearch
    Тонировкага уруксат берүүдөн бюджетке жарым миллиард сомдой акча түштү

    Жарыяланган

    2025-30-07, 16:00

    Тонировкага уруксат берүүдөн бюджетке жарым миллиард сомдой акча түштү

    Быйыл жарым жылда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн 484 млн 540 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат. 

    Былтыр алты айда унаасынын айнегин караңгылаткандар бюджетке 170 млн 605 миң сом төлөгөн. Быйылкы жарым жылды былтыркы менен салыштырганда 313 млн 935 миң сомго көп акча түшкөн. 

    Учурда тонировкага уруксаттын баасы жарандар үчүн бир жылга 50 миң сомду, юридикалык жактарга 70 миң сомду жана резиденттер үчүн 90 миң сомду түзөт.  


    Тектеш материалды окуу