Akchabarsearch
РКӨФ Кыргызстанда 3.8 миңдей долбоорду 1.25 млрд доллардан ашык суммага каржылаган

Жарыяланган

2026-15-10, 13:20

РКӨФ Кыргызстанда 3.8 миңдей долбоорду 1.25 млрд доллардан ашык суммага каржылаган

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери Кыргызстанда 3.8 миңден ашык долбоорго 1.25 млрд доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын мүчөсү Антон Ветошкин бүгүн, 15-октябрда, Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан EXPO 2026» эл аралык көргөзмөсүндө билдирди.

Анын айтымында, фонд каражаттын көпчүлүк бөлүгүн энергетика тармагына багыттаган. Насыя портфелинин болжол менен 40%ы ушул тармакка туура келет. Алардын арасында «Бишкек Солар» күн электр станциясы бар. Бул долбоорду фонд Евразия өнүктүрүү банкы менен бирге каржылап жатат. Станциянын биринчи этабы быйыл Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата ачылган.

Мындан тышкары, фонд соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө да каражат бөлөт. Бул багытка буга чейин 20 млн доллардан ашык каражат жумшалган.

Ошондой эле, фонд колдогон ишканалардын бири — «Кыргыз Продукт» компаниясы. Ал 2016-жылдан бери фонддон каржылык колдоо алып келет. Компания алгач төө буурчакты чогултуп, сорттосо, кийин продукцияны тоңдуруу жана соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү менен алектене баштаган. Учурда продукциясынын 90%га жакыны Россияга экспорттолот.

Антон Ветошкиндин айтымында, 2026-жылы фонд каржылаган долбоорлордун жалпы суммасы 200 млн доллардан ашты. Каражат жаңы өндүрүштөрдү ачууга, энергетиканы, логистиканы жана туризмди өнүктүрүүгө жумшалууда.


Тектеш материалды окуу