Жарыяланган
2019-27-02, 09:03Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы канча каражат экономика жана социалдык тармактын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалганына токтолду.
«Былтыр РСК Банкы», «Айыл Банк», Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кепилдик фондунун колдоосу менен берилген кредиттер менен кепилдиктердин жалпы суммасы 25 млрд сомго жетти. Биз алдыбызга максат койгонбуз — бул сумманы 20 миллиардга жеткирели деп. А иш жүзүндө ал 25 млрддан ашты», —деп билдирди аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог маалында.
Аймактарда жаңы ишканалардын ачылышы үчүн РКӨФ түз финансылоонун чеги $1 млн - $200 миңге түшүрдү. Буга байланыштуу бул фонд аркылуу аймактарда каржылоонун саны 6 эсе көбөйдү.
«Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аймактарда өкүлчүлүгүн ачып баштады. Эми ал «элиталуу» фонд болбой, ишин жабык эшик артында жүргүзбөйт. Бул фонд фермерлик тармакта жаңы иш баштаган ишкерлердиколдогон фондго айланат. 2018-жылы РКӨФ баардык областарда аймактык консультациялык борборлору аачылды» — деп кошумчалады Жээнбеков.