
Жарыяланган
2025-14-08, 11:08Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жыйынында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артём Новиков Кыргыз фондулук биржасына чыгуу пландары тууралуу билдирди.
Новиковдун айтымында, Кыргыз фондулук биржасына чыгуу элден 400 млн долларга чейин каражат тартууга, өлкөдөгү долбоорлорду каржылаган ички инвесторлордун чыгышына өбөлгө түзүлөт.
Фонд жекече инвестиция жасоо механизмдерин иштеп чыгууну пландап жатат. Ал жарандарга санарип платформалар жана мобилдик тиркемелер аркылуу ишканалардын капиталына акча салууга, ал эми өндүрүүчүлөргө элден акча тартууга шарт түзөт.
Бул программанын алкагында РКӨФ 2030-жылга чейин фондулук биржа аркылуу дээрлик 100 млн долларга долбоорлорду биргелешип каржылоого даяр.


