
Жарыяланган
2025-22-12, 11:06Россиядагы кыргызстандыктардын саны 37 миңге азайды. Бул туурадуу эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Анын айтымында, декабрь айына карата чет жакта 798.4 миң кыргызстандык жүргөн. Алардын көбү же 341 миңден ашыгы Россияда жашаган. 2025-жылдын биринчи жарым жылына караганда алардын саны 37 миңге азайган.
Ошондой эле 60 миң кыргызстандык – АКШда, 12 миң – Кореяда, 15 миң – Германияда дана 6 миң Бириккен Абар Эмираттарында жашайт.
Кыргызстандыктар чет жакка иштегени, окуганы, эс алганы, ишкерлик боюнча жана дарыланууга чыгат.



