
Жарыяланган
2026-11-05, 15:11Россиядан ташылып келе жаткан жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 10-майда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” фитосанитардык текшерүү постунда Россиядан эки жүк ташуучу унаа менен ташылып келе жаткан 36 м3 жыгачтын документтери текшерилген.
Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификат менен коштомо документтерде товар алуучу эки башка болуп көрсөтүлгөнү аныкталган.
Ага байланыштуу жүк ташуучу унаалар артка кайтарылган.



