Жарыяланган
2025-07-02, 11:21Каржы министринин орун басары Руслан Татиков кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Руслан Татиков министрдин орун басары кызматын 2021-жылдын 17-августунан бери аркалап келген.
"2006-жылдын ноябрында мен Каржы министрлигинин босогосун аттап, ишимди стажер болуп баштадым. Андан бери 18 жыл өттү. Жылдар ичинде мен бул министрликтин дубалында баа жеткис тажрыйбага ээ болдум. Мамлекеттик кызматтын бардык кыйынчылыктарын, кубанычын баштан кечирип, бул жолу мени чыныгы кесипкөй кылып тарбиялап, чыңдады", - деп жазды Татиков жамаатына ыраазычылык билдирүү менен бирге.