Akchabarsearch
    Жыл аягына чейин Баткенде 13 өндүрүш ишканасы ишке берилет

    Жарыяланган

    2025-14-05, 12:11

    Жыл аягына чейин Баткенде 13 өндүрүш ишканасы ишке берилет

    Баткен облусунда быйыл жыл аягына чейин 13 өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

    Быйыл ишке бериле турган объектилердин ичинде кичи ГЭС, автогазоблок заводу, мунайды кайра иштеткен ишкана, шифер чыгарган завод жана башкалар бар.

    Ишканалардын тизмеси:

    • Кадамжай районундагы кубаттуулугу 300 кВт болгон “Кожо-Кайыр-1” кичи ГЭСи
    • Кадамжайдын Жеңиш айылындагы “Халмион Пром” ЖЧКсы куруп жаткан автогазоблок заводу 
    • Кадамжайдын Көк-Талаа айылындагы мунайды кайра иштетүүчү кыргыз-түрк заводу
    • Айдаркен шаарындагы Таш майдалоочу жана бетон аралаштыруучу ишкана
    • Лейлек районунун Катраң айылындагы соода-логистикалык борбор
    • Лейлек районундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кени
    • Сүлүктү шаарындагы "Адахан" көмүр кени
    • Сүлүктү шаарындагы "Мурас" көмүр кени 
    • Баткен районунун Самаркандек айылындагы логистикалык борбор 
    • Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы желим калдыктарды кайра иштетүүчү завод
    • Баткен районунун Самаркандек айылындагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана 
    • Кызыл-Кыя шаарындагы шифер комбинаты
    • Баткен шаарындагы өнөр-жай зонасында жайгашкан асфальт-бетон заводу 

    Тектеш материалды окуу