Жарыяланган
2024-29-08, 10:00Улуттук банктын 31,1035 грамм салмактагы алтын унцийинин баасы 218 миң 880 сом деп белгиленди. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.
Кечээ, 28-августта анын баасы 219 миң 252,5 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутканын ичинде ал 372,5 сомго арзандады. Кошумчалай кетсек, ай башынан бери анын баасы 9 миң 314,5 сомго кымбаттады. Бүгүн 31,1035 грамм салмактагы алтынды 222 миң 163,5 сомдон сатып алууга болот.