Akchabarsearch

    Жарыяланган

    2024-05-09, 16:58

    Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 6,8 млрд сомго жетти

    Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 911,7 млн ​​сомго (+15,6%) өсүп, 6,8 млрд сомду түздү. Быйылкы жылдын планы 94,4%га аткарылды. Бул тууралуу “Акчабарга” Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди. 

    Ошондой эле, мындай өсүш темпинде 2024-жылдын аягына чейин фонддун пландалган көлөмү иш жүзүндө 7,2 млрд сомдон ашат деп болжолдонуп жатканын белгиледи. 

    “Быйыл агенттиктин жалпы кирешеси болжолдонгон 740 млн сомдун 526,5 млн же 71,1%ды түздү жана жыл жыйынтыгында агенттик өз максатына жетет. Агенттиктин жалпы чыгашасы 81,9 млн сомго бааланган. Бүгүнкү күндө иш жүзүндө 46,4 млн сом жумшалды, же болбосо күрөөгө коюлган сумманын 56,7%ын түздү”, - деди Кадырбек Жумабекович. 


    Тектеш материалды окуу