
Жарыяланган
2025-26-11, 13:41Бишкекте Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында кеңейтилген жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-орус мамилелеринин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Москваны «стратегиялык союздаш жана ишенимдүү өнөктөш» деп атады.
Жапаров эки элдин көп жылдар бою бири-бирин колдоп келген тарыхын эске салды.
«Көп жылдар бою биздин элдер биримдикти жана бир туугандык колдоону көрсөтүп келген. Айрыкча Улуу Ата Мекендик согуш жылдары — бул окуялар биздин орток тагдырыбызды аныктап, бүгүнкү кызматташуунун пайдубалын түптөдү», — деди Садыр Жапаров.
Президент Россия Кыргызстан үчүн ар дайым маанилүү өнөктөш болуп келгенин белгиледи.
«Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык союздаш, ишенимдүү өнөктөш жана ынак дос болуп келген жана болуп кала берет. Албетте, биз боордош Россия менен болгон бекем жана көп кырдуу мамилелерди ар дайым жогору баалайбыз», — деп улантты ал.
Садыр Жапаров Россиянын экономикасынын туруктуулугун жана өзгөрүп жаткан геосаясий шарттарда мамлекеттин тез ыңгайлашуусун белгилеп, бул жетишкендиктерде Владимир Путиндин ролун баса белгиледи.
«Россия өзгөрүп турган дүйнөлүк шарттарга тез ыңгайлашып, туруктуулукту сактап келет. Бул — сиздин лидер катары жеке сапаттарыңыздын акыбети. Бул жөн гана дипломатиялык сөз эмес, эл аралык саясаттагы ролуңузду таануу», — деди Жапаров.
Президент Россия Кыргызстанга «бардык негизги тармактар боюнча» көмөк көрсөтүп жатканын айтты, өзгөчө энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу багыттарында. Ошондой эле Россиянын туруктуу саясаты союздаштык мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы кызматташуу активдүү кеңейип жатат, ал эми экономикалык байланыштар оң динамиканы көрсөтүүдө:
• Россия Кыргызстан үчүн эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири бойдон калууда;
• ЕАЭБ алкагындагы интеграция жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда;
• Россиянын колдоосу инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жай жана гуманитардык долбоорлордун өнүгүшүнө салым кошууда.
Жапаров белгилегендей, 2025-жылга карата Кыргызстанда иштеген орус компанияларынын саны 1.8 миңге жетип, акыркы жылдары үч эсеге көбөйгөн.
Президент билим берүү, маданият жана миграция багытындагы кызматташууну да өзгөчө белгиледи.
«Кыргызстандын жүз миңдеген жарандары Россияда иштеп, эки өлкөнүн экономикасына салым кошууда. Россиянын жогорку окуу жайлары кыргызстандык жаштар үчүн эң популярдуу бойдон калууда. Алдыдагы сүйлөшүүлөр өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктайт. Алардын жыйынтыгы биздин бир тууган элдердин жыргалчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерге алып келет деп ишенем», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.


