Жарыяланган
2025-13-05, 13:21Бүгүн, 13-майда Жалал-Абаддын Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Чокмор айылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн жана балдар ооруканасынын ачылыш аземи болду.
Иш-чарада Садыр Жапаров билдиргендей, аталган объектилердин курулушуна жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын бөлүп берип, 2023-жылдын март айында пайдубалы түптөлүп баштаган. 75 орундуу төрөт бөлүмүн жана 75 орундуу балдар ооруканасын курууга 570 млн сом акча каражаты сарпталган.
Жапаров төрөт үйүн Ташиевдердин үй-бүлөсү куруп бергенин билдирди.
"Мурда чиновниктер дейбизби, бизнесмендер дейбизби, айтор, Кыргызстандан тапкан акчаларын чет жакка чыгарып кетишип, ошол жакка бизнес ачып, завод-фабрикаларды салып, ошол жакка заңгыраган имараттарды куруп, бүгүн да ошол бизнестерин көзөмөлдөп Кыргызстанга келе албай жүргөндөрдү баарыбыз билебиз.
Мына ошолор сыяктуу болбостон, Ташиевдердин үй-бүлөсү өзүнүн мунай базасын сатып, анын акчасына ушул төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатышат. Бул "Элде болсун, элде болсо, бизде болот" деген сөз. Мындай кадам башкаларга үлгү болушу керек.
Мамлекетибиздин ар тараптан өнүгүшүнө кол сунган Ташиевдердей атуулдарыбызга ар дайым ыраазычылык билдирем, бар болуңуздар", - деди ал.