
Жарыяланган
2025-01-12, 18:10Салык кызматы иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгарат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Салык кызматынан белгилешкендей, алар иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады. 30 күн ичинде бул тизмеге кирген компаниялар жоюлуп, ишкерлердин каттоосу жокко чыгарылат. Компания жоюлбасын, каттоо жокко чыгарылбасын дегендер 30 күн ичинде салык кызматына кайрылышы керек.
Аталган тизмени Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынын башкы бетиндеги “Башка бөлүмдөр” бөлүмүнөн же https://sti.gov.kg/section/0/tizme шилтемеси аркылуу табууга болот.



