
Жарыяланган
2026-18-07, 12:52Ар бир автоунаа ээси каржылык тобокелдиктерге туш болот. Майда жол кырсыгы, катуу шамалда дарактын бутагынын кулашы же мөндүр күтүлбөгөн чыгымдарды жаратышы мүмкүн. Мындай учурларда автоунааны оңдоо чыгымдары толугу менен анын ээсине жүктөлөт.
КАСКО эмне үчүн керек?
Милдеттүү ОСАГО камсыздандыруусунан айырмаланып, ал үчүнчү жактардын алдындагы жоопкерчиликти гана жабат, ал эми КАСКО сиздин жеке автоунааңызды коргойт. Камсыздандыруу компаниясы жол кырсыгы, уурдоо, табигый кырсыктар же бейтааныш адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам келтирилген чыгымдардын ордун толтурат.
Туруктуу тарифтер жана үстөксүз бөлүп төлөө
MBANK колдонмосунун пайдалануучулары үчүн автоунаанын техникалык өзгөчөлүктөрүнө көз каранды болбогон туруктуу тарифтер сунушталат.
КАСКО Light — 8 999 сом/жыл
Камсыздандыруу суммасы — 150 000 сомго чейин.
Эскертүү: бул тариф автоунаа кыймылда болгон учурда келтирилген зыянды гана камтыйт.
КАСКО Эконом — 9 000 сом/жыл
Камсыздандыруу суммасы — 150 000 сомго чейин.
КАСКО Эконом+ — 14 000 сом/жыл
Камсыздандыруу суммасы — 250 000 сомго чейин.
Жагымдуу мүмкүнчүлүк: «Эконом» жана «Эконом+» тарифтерин тандаган кардарлар М+ кызматы аркылуу 3 айга үстөксүз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат. Бул төлөмдү ыңгайлуу бөлүштүрүүгө жардам берет.
Автоунааны кантип камсыздандырууга болот?
Даяр!
Полис дароо күчүнө кирет жана ар дайым смартфонуңузда электрондук түрдө жеткиликтүү болот.
Жолдо кандай жагдай болбосун өзүңүздү ишенимдүү сезүү үчүн КАСКОну MBANK аркылуу онлайн тариздеңиз!
MBANK — биринчи санарип!
КР УБнын №014 лицензиясы.


