Akchabarsearch
    Сапар Исаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды

    Жарыяланган

    2025-19-05, 10:30

    Сапар Исаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды

    Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковго чыгарылган сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, 29-апрелде Башкы прокуратура жана жактоочу жаңы ачылган жагдайлар боюнча Сапар Исаковдун ишин кайра кароо боюнча өтүнүч келтирип, Жогорку сот аны канааттандырган. Ага ылайык Исаковго чыгарылган Бишкектин Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы өкүмдөрү жана Жогорку соттун 2021-жылдын 2-мартындагы токтому жокко чыгарылып, материалдар кайра кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бул ирет ишти башка сот карайт. 

    Эскерте кетсек, Сапар Исаков Бишкектеги ЖЭБди оңдоо ишине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү, 43-берененин 2-бөлүгү (коррупцияны уюштуруу) боюнча козголгон иш боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга соттолгон.

    Маалыматка ылайык, 29-апрелде Башкы прокуратура жана жактоочу жаңы ачылган жагдайлар боюнча Сапар Исаковдун ишин кайра кароо боюнча өтүнүч келтирип, Жогокру сот аны канааттандырган. Ага ылайык Исаковго чыгарылган Бишкектин Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы өкүмдөрү жана Жогорку соттун 2021-жылдын 2-мартындагы токтому жокко чыгарылып, материалдар кайра кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бул ирет ишти башка сот курамы карайт. 

    Эскерте кетсек, Сапар Исаков Бишкектеги ЖЭБди оңдоо ишине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү, 43-берененин 2-бөлүгү (коррупцияны убштуруу) козголгон иш боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга соттолгон. 

    Исаков 2017-жылдын август айынан 2018-жылдын апрель айына чейин өкмөт башчы кызматын ээлеген. Кызматтан кеткенден кийин ал июнда коррупцияга шектелип кармалып, кийин соттолгон. Исаков 2020-жылы октябрь окуялары учурунда абактан бошотулуп, андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 


    Тектеш материалды окуу