
Жарыяланган
2026-25-09, 14:272026-жылдын январь-август айларында Кыргызстандагы кумарканалар бюджетке дээрлик 443.4 млн сом салык төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Аталган акчанын 95.3%ы же 422.7 млн сому казинолордон түшкөн.
Дагы 13.9 млн сом - оюн автоматтарынан, 4 млн сом - букмекердик жайлардан жана тотализаторлордон, 2.8 млн сом - электрондук (онлайн) кумарканалардан түшкөн.
2025-жылдын сегиз айына караганда быйылкысында кумаркана иштеткендер бюджетке 142.9 млн сомго көп салык төлөнгөн.
Былтыр январь-август айларында бюджетке дээрлик 300.4 млн сом салык түшкөн.



