Akchabarsearch
Сокулукта пияз өстүргөн дыйкан бир гектардан 100 тоннадан түшүм алууну көздөп жатат

Жарыяланган

2026-14-07, 14:17

Сокулукта пияз өстүргөн дыйкан бир гектардан 100 тоннадан түшүм алууну көздөп жатат

Чүйдүн Сокулук районунда пияз айдаган Самат аттуу дыйкан бир гектардан 100  тоннадан түшүп алууну пландап жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Былтыр ал 7 гектар жерге пияз айдап, жакшы киреше көргөн. Мындан улам быйыл айдоо аянтын 16 гектарга чейин жеткирген.

Анын айтымында, пияздын түйшүгү оор болгону менен кирешеси жакшы. Кышкыга сактаганга дагы жеңил болгону үчүн каалаган учурда сатса болот.

Дыйкан тамчылатып сугарууга өткөн. Бул пияздын тамырына суу түз жетип, түшүмдүн жакшы болушуна, сугат сууну үнөмдөөгө өбөлгө түзөт. 

Ал былтыр бир гектардан 88-90 тонна түшүп алса, быйыл 100 тоннадан түшүм алууну көздөп жатат. Түшүмүн Кыргызстандын ичинде гана сатпастан, Россия жана башка өлкөгө экспорттойт.

Ал түшүм чогултуу учурунда 800дөй адамды иш менен камсыз кылат. 


Тектеш материалды окуу