Akchabarsearch
Соцфонд: Камсыздандыруу төгүмүн канчалык көп которгон болсоңуз, пенсияңыз да ошончо көп болот

Жарыяланган

2026-11-08, 14:37

Соцфонд: Камсыздандыруу төгүмүн канчалык көп которгон болсоңуз, пенсияңыз да ошончо көп болот

Жаран иштеп турганда Социалдык фондго канча көп акча которгон болсо, кийин пенсиясы ошончо көп болот. Бул тууралуу Соцфонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди. 

Анын айтымында, азыр Кыргызстанда 130 миң сом деген же андан да көп пенсия алгандар бар. Бирок алар убагында Соцфондго ошончо көп акча которгондуктан, пенсиялары да ошого жараша чоң.

"Эмнеге анча көп алышат?" деп суроо салгандар бар. Буга чейин айтылгандай, пенсияны эсептөө камсыздандыруу принциптерине негизделген. Канчалык көп төгүм төлөсөңүз, пенсияңыз ошончолук чоң болот", - деди ал. 


Тектеш материалды окуу