Akchabarsearch
Соцфонд Топтомо фонддогу акчаларды инвестиция кылуудан 3.6 млрд сом киреше түшүрдү

Жарыяланган

2026-10-07, 10:21

Соцфонд Топтомо фонддогу акчаларды инвестиция кылуудан 3.6 млрд сом киреше түшүрдү

Социалдык фонд 2026-жылдын алты айында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддогу 11 млрд 253.2 млн сомду инвестиция кылды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.  

Аталган сумманын ичинен 8 млрд 753.2 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарга салынган. Анын кирешелүүлүгү 12.86-16%ды түзөт.

Дагы 2 млрд 500 млн сом коммерциялык банктардагы депозиттерге 12 жана 18 айлык мөөнөткө 11.3-14.3% менен салынган. 

Ал эми буга чейин инвестицияланган акчалар боюнча 2026-жылдын алты айында 3 млрд 609.5 млн сом киреше алынган.

Анын ичинен: 

  • мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 млрд 57.1 млн сом;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 356.5 млн сом;
  • ачык акционердик коомдордогу акциялар алынган дивиденддер – 185.9 млн сом;
  • Топтомо фонддун эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 10 млн сом. 

Эскерте кетсек, Топтомо фонд жарандардын Соцфондго төлөгөн каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Жарандар Соцфондго эмгек акысынын 10%ын которсо, анын 2%ы Топтомо фондго түшөт. Бул каражаттар жарандар пенсияга чыкканда колуна берилет. Ошондой эле акчаны пенсияга чыкканга чейин эле, ипотекага үй алып жатканда, дарыланууга, чет өлкөгө көчүп кетип жатканда (жана башка учурларда) алса болот. 


Тектеш материалды окуу