Akchabarsearch
Соцфондго барбай, документ чогултпай эле пенсияга чыгууга шарт түзүлөт

Жарыяланган

2026-03-07, 13:28

Соцфондго барбай, документ чогултпай эле пенсияга чыгууга шарт түзүлөт

Социалдык фонд жаш курак боюнча жана майыптык боюнча пенсияларды чектөө процессин толугу менен өзгөртө турган жаңы автоматташтырылган маалыматтык тутумду ишке киргизүүгө даярдыктарды аяктап жатат. Бул тууралуу Соцфонддон билдиришти. 

Мындан ары жарандарга маалымкаттарды (справкаларды) чогултуунун жана Соцфонддун бөлүмдөрүнө убара болуп келүүнүн кажети жок болот. Тутум жарандын эмгек стажы, кирешелери тууралуу маалыматтарды өз алдынча топтоп, төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептеп, пенсияны автоматтык түрдө дайындайт. 

Пенсия курагына жетүүгө туура 1 ай калганда Соцфонд жарандын «Түндүк» тиркемесиндеги жеке кабинетине билдирүү жөнөтөт. Жаран аны ачып, пенсияны кайсы банктын картасы аркылуу алууну каалаганын көрсөтүп гана коюшу керек болот. 

Ошондуктан Соцфонд жарандарга, айрыкча пенсияга чыгайын деп калган жарандарга “Түндүк” тиркемеси жок болсо, аны көчүрүп алып, каттоодон өтүүнү сунуштайт. 


Тектеш материалды окуу