Akchabarsearch
    Кыргызстан алгач ирет 700 млн долларга еврооблигацияларды чыгарды

    Жарыяланган

    2025-28-05, 16:48

    Кыргызстан алгач ирет 700 млн долларга еврооблигацияларды чыгарды

    Кыргыз Республикасы алгач ирет 700 млн долларга суверендүү еврооблигацияларды чыгарды. Алар эл аралык финансы рынокторуна 7.75% купондук чен менен 5 жылга жайгаштырылды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

    Министрлик белгилегендей, инвесторлордун жалпы суроо-талабы 2.1 млрд доллардан ашкан. Облигацияларды сатып алууга Улуу Британия, АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн 100дөн ашык эл аралык инвестор катышкан. 

    "Кыргыз Республикасынын облигацияларына инвесторлордун кызыгуусунун жогору болушу өлкөнүн макроэкономикалык саясатына, анын финансылык системасынын туруктуулугуна жана президент жана министрлер кабинетинин транспаренттүүлүктү, бюджеттик тартипти жана эл аралык финансылык интеграцияны тереңдетүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттерине ишенимдин өскөндүгүн күбөлөндүрөт", - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу