Akchabarsearch
    Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 36,5 миң сомду түздү

    Жарыяланган

    2025-14-01, 12:25

    Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 36,5 миң сомду түздү

    Кыргызстанда 2024-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 36,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

    Анын айтымында, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 12,4%га өскөн.

    "Айлык акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ошондой эле тоо-кен казып алуу тармагында катталган", - деди Кудайбергенов.


    Тектеш материалды окуу