
Жарыяланган
2026-24-03, 14:06Таласта 300 орундуу жаңы оорукана салынышы мүмкүн.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таласка иш сапары менен барып, курулуп жаткан бир катар социалдык объектилерди кыдырып чыккан. Анын ичинде, Касымалиев, Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасына барган.
Касымалиев маалымат беришкендей, оорукана үч корпустан турат. Алар башка-башка жерде жайгашкандыктан, дарыгерлердин кеңеш берүү, дары-дармектерди жана тамак-аш жеткирүүдө кыйынчылык жаралат. Мунун айынан бензинге акча ашыкча чыгым болот. Мындан улам бир жерге 300 орундуу заманбап оорукана куруу зарыл.
Өкмөт башчы маалыматты уккандан кийин аталган маселени чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.


