
Жарыяланган
2026-19-08, 09:56Талас шаарында мыйзамсыз соода-сатыкка каршы чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы шаардын көчөлөрүндөгү мыйзамсыз соода-сатыкты токтотуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Анын жүрүшүндө башаламан соода жүргүзгөнү үчүн 10 кишиге 3 миң сомдон, жалпы 30 миң сом айып салынган.
Мэрия айыпка жыгылган бул жарандарга буга чейин бир нече жолу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.



