
Жарыяланган
2026-17-08, 14:39Талас районунда Көк-Кашат айылынын тургуну Чыңгыз Азбеков малина өстүрүп, аны чет жакка экспорттоп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ал малинаны 1.5 гектар жерге тигип, андан жылына 13 тоннага чейин түшүм алат. Азбеков алган түшүмүн Казакстан менен Россияга экспорттойт.
Дыйкандын айтымында, ал органикалык жер семирткичтерди колдонууга артыкчылык берип, химиялык дарыларды мүмкүн болушунча аз пайдаланат.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда Талас районунда 35 миң 326 гектар айдоо жери бар.
Азыр райондо мөмө-жемиш өстүргөнгө кызыккан дыйкандардын саны көбөйүүдө. Анын ичинде учурда Талас районунда малина жылдан жылга көп тигиле баштады.
Бүгүнкү күнү райондо 12 гектардан ашык жерде малина менен ежемалина өстүрүлүүдө.



