
Жарыяланган
2026-12-05, 11:11Таласта төө буурчакты таңгактай турган ишкананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Таластагы өкүлү Эрмат Жумаев облус тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал былтыр төө буурчактын баасы жакшы болбой калганын эске салып, төө буурчак маселесин чечүү үчүн президент 1 млрд сом бөлүп бергенин айтты. Бул акчага төө буурчакты иргеп, таңгактай турган чоң завод салынат.
“Ак-Сайда Миң-Булак менен Боо-Терек айылдарынын ортосунда 4 гектар жер бөлүнүп берилди. Курулуш иштери башталды. Азыр жабдыктарын алып келип орнотсо, буйруса, сентябрга чейин ишке кирет. Сиздер төө буурчагыңыздарды ошол заводго өткөрө берсеңиздеп болот”, - деди ал.
Жумаев завод төө буурчакты алган баа жети жыл бою 135 сомдон түшпөй турганын, буга мамлекет кепилдик берерин айтты.



