
Жарыяланган
2025-28-10, 12:43Талас шаарында көмүр саткан ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлиги белгилегендей, жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 6.7 миң сомдон, капталып сатылса 1 килограммынын баасы 7.5 сомдон (тоннасы 7.5 миң сомдон) болушу керек.
Чет жактан ташып келинген көмүрдүн тоннасы 8.9 миң сомдон, капталып сатылса, 1 килограммы 8.9 сомдон (тоннасы 9.8 миң сомдон) кымбат болбошу шарт.
Ишкерлерге көмүрдү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы коюп берген баалардан кымбат сатууга болбой турганы, болбосо тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилген.



