Akchabarsearch
Таластагы 5 миң орундуу стадиондо VAR системасы бар болот

Жарыяланган

2026-17-08, 15:35

Таластагы 5 миң орундуу стадиондо VAR системасы бар болот

Талас шаарында салынып жаткан 5 миң орундуу борбордук стадиондо VAR системасы бар болот. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Азыр стадиондогу курулуш иштери 75%га аяктаган. Жеринде 300дөн ашык киши иштеп жатат. Анда батыш жана чыгыш трибуналар, оюнчулар үчүн бардык шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системасы каралган.

Мындан тышкары, футболчулар үчүн жатакана, тамактануучу жай жана административдик бөлмөлөр курулат.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев стадиондогу курулуш иштерди көргөнү барып, стадионду салып жаткан компанияга ишти сапаттуу аткарууну, жумушчулардын санын көбөйтүүнү тапшырган. Ал стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгилеген.

Стадиондун курулушу 2025-жылы 9-апрелде башталган. Аны Эгемендик күнүндө ишке берүү пландалууда. 


Тектеш материалды окуу