Жарыяланган
2025-11-06, 17:58Кыргызстанга учак ташып келүүдө мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
«Манас» бажысынын аткезчилик, баңгизат бизнесине жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери «А.С.» компаниясына БАЭден ташылып келген «ИЛ-76 ТД» учагын бажылык тариздөөдө мыйзам бузуу фактыларды аныктаган.
Аталган учак реэкспорт үчүн алынып келген. Текшерүү учурунда анын кыймылдаткычынын сериялык номерлеринда дал келбестиктер аныкталган. Учактын кыймылдаткычтары алмаштырылганы, бирок бажы органдарына тиешелүү билдирүү келбегени белгилүү болгон.
"ЕАЭБдин Бажы кодексинин 222-беренесине ылайык, убактылуу ташылып келинген товарлар жана транспорт каражаттары өзгөрүүсүз абалда калышы керек. Мамлекетке 4 млн 363 миң 212 сом зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.
Материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Келтирилген зыяндын орду толук толтурулгандыктан, кылмыш ишин козголгон эмес.