Akchabarsearch
    Ташиевден тил уккан чиновник. Ысык-Көлдө айлампа жолго гүл-бак тиккенге канча сом кеткени айтылды

    Жарыяланган

    2025-25-06, 10:03

    Ташиевден тил уккан чиновник. Ысык-Көлдө айлампа жолго гүл-бак тиккенге канча сом кеткени айтылды

    Белгилүү болгондой, өткөн аптада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө акимдерди, айыл өкмөт башчыларды жана пансионаттардын ээлерин чогултуп, эс алуучу жайлардын тегерек-четин көрктөндүрүү маселесине байланыштуу жыйын өткөргөн. 

    Жыйында Ташиев Сары-Ой айылындагы айлампа жолдун ортосу каралбай калганын, гүл-бак тигилбегенин сынга алган. Ал айыл өкмөт башчыдан ал жерге гүл-бак тиккенге канча каражат кетерин сураганда, чиновник "1.5 млн сом" деп жооп берген.  

    Ташиев анын сөзүнө ачууланып, 1.5 млн сом эмес, 50 миң сом кете турганын айткан.    

    Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормоновдун айтымында, аталган айлампа жолго гүл-бак отургузуп жашылдандырганга 48 миң 852 сом сарпталды. 

    "Айлампаны эки күндө заманбап, жакшы кылып бүтүрдүк", - деди ал. 


    Тектеш материалды окуу