Жарыяланган
2025-11-08, 12:48Талас облусундагы Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 12–17-чакырым аралыгындагы 5 чакырым жер асфальтталган. Учурда жол жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат.
Алдыда жолго чийиндер чийилет.