Жарыяланган
2024-29-08, 11:44“Кант цемент заводу” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсүнүн катышуу үлүшүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Тактап айтканда, Денис Трусевич өзүнүн үлүшүн 0,0257%га чейин көбөйткөн. Буга чейин ал 0,0226% түзгөн.
Өзгөртүүлөр 27-августта болду.
Эске салсак, Денис Трусевич акыркы жолу былтыр ноябрда өзүнүн үлүшүн 0%дан 0,0226%га жогорулаткан.