Akchabarsearch
    Томтомо фонддогу акчаны инвестиция кылуудан 3.79 млрд сом киреше түштү

    Жарыяланган

    2025-08-08, 14:48

    Томтомо фонддогу акчаны инвестиция кылуудан 3.79 млрд сом киреше түштү

    Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддогу каражаттарды инвестиция кылуудан 2025-жылдын жети айында 3 млрд 791.7 млн сом киреше түштү. Бул тууралуу Социладык фонд билдирди. 

    Быйыл январь-июль айларында Соцфонд Топтомо фонддогу 13 млрд 54.1 млн сомду инвестиция кылган. Бул сумманын ичинен 7 млрд 588.4 млн сомду мамлекеттик баалуу кагаздарга салган. Анын кирешелүүлүгү 12.9-16%ды түзөт.

    Дагы 3 млрд 715.7 млн сом коммерциялык банктардагы депозиттерге 12 жана 18 айлык мөөнөткө 12.1-13% менен салынган. 

    Андан тышкары 1 млрд 750 млн сом өлкөдөгү эмитенттердин акцияларына жайгаштырылган. 

    Ал эми буга чейин инвестицияга салынган каражаттар боюнча быйыл жети айда 3 млрд 791.7 млн сом киреше алынган. Анын ичинен: 

    • мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 млрд 279.4 млн сом;
    • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 492.1 млн сом;
    • Топтомо фонддун эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 20.1 млн сом.
    • башка кирешелер – 47 миң сом

    Эскерте кетсек, Топтомо фонд жарандардын Соцфондго төлөгөн каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Жарандар Соцфондго эмгек акысынын 10%ын которсо, анын 2%ы Топтомо фондго түшөт. Бул каражаттар жарандар пенсияга чыкканда колуна берилет. Ошондой эле акчаны пенсияга чыкканга чейин эле, ипотекага үй алып жатканда, дарыланууга, чет өлкөгө көчүп кетип жатканда (жана башка учурларда) алса болот. 


    Тектеш материалды окуу