Жарыяланган
2025-01-09, 17:39Быйыл жети айда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн бюджетке 611 млн 235.3 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматындай айтылат.
Былтыр январь-июль айларында тонировкага уруксат берүүдөн казынага 207 млн 345 миң сом түшкөн. 2024-жылдыкына караганда быйыл жети айда 403 млн 890.3 миң сомго көп акча топтолгон.
Эскерте кетсек, унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын баасы жарандар үчүн бир жылга 50 миң сомду, юридикалык жактарга 70 миң сомду 90 миң сомду түзөт.