Akchabarsearch
Тонировкага уруксаттын баасын бир айга арзандатуу пландалууда

Жарыяланган

2026-02-06, 15:04

Тонировкага уруксаттын баасын бир айга арзандатуу пландалууда

Кыргызстанда унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын баасын бир айга арзандатуу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Сунушка ылайык, 10-июндан 10-июлга чейин тонировкага уруксатты 15 миң сомго арзан алууга болот:

Өлкө жарандары үчүн – 35 миң сом;
Юридикалык жактар үчүн – 55 миң сом;
Резидент эместер үчүн – 75 миң сом.

Эскерте кетсек, тонировкага уруксат бир жылга берилет. Уруксаттын арзандатуусуз, өз баасы 50 миң сомду, юридикалык жактарга 70 миң сомду жана резидент эместер үчүн 90 миң сомду түзөт.  
 


Тектеш материалды окуу