Жарыяланган
2025-04-06, 15:45Социалдык фонд Түркияда расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар келечекте пенсияга чыга аларын эске салат.
Соцфонд 2020-жылы 1-ноябрда эки өлкөнүн ортосунда Социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө киргенин, ага ылайык Кыргызстандын жарандары Түркияда иштеген болсо, келечекте пенсияга чыга аларын белгилейт.
Аталган келишим күчүнө киргенден бери Кыргызстандын бир жараны пенсияга чыгып, Түркия тарабынан пенсия төлөнүүдө. Анын өлчөмү 490 лираны түзөт.