Akchabarsearch
Төрт айда Кыргызстанга 333.44 млн сомго күрүч импорттолду

Жарыяланган

2026-03-07, 11:04

Төрт айда Кыргызстанга 333.44 млн сомго күрүч импорттолду

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанга 333.44 млн сомго күрүч импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Төрт айда өлкөгө жалпы 7.1 миң тоннага жакын күрүч ташып келинген.  Былтыр январь-апрель айларында болсо 4.8 миң тонна импорттолгон. Былтыркы менен быйылкыны салыштырганда импорт 2.32 миң тоннага көбөйгөн. 

Күрүч импорттолгон өлкөлөр: 

  1. Казакстан – 4 миң 11.4 тонна;
  2. Индия – 1 миң 53.3 тонна;
  3. Россия – 985.2 тонна;
  4. Пакистан – 669.2 тонна;
  5. Өзбекстан – 210.1 тонна;
  6. Тажикстан – 131.6 тонна;
  7. Кытай – 15.2 тонна;
  8. Италия – 700 кг;
  9. Корея – 200 кг. 

Тектеш материалды окуу