akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2025-21-01, 12:22

    «Кыргызалтын» ишканасына жаңы орун басар келди

    "Кыргызалтын" ААКнын директорлор кеңеши ачык акционердик коомдун башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.

    Кеп башкармалыктын мүчөсү Бузурман Субановдун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө болуп жатат. Анын ордуна Нурлан Исаков шайланды.

    Кошумчалай кетсек, өзгөртүүлөр директорлор кеңешинин 15-январдагы отурумунун протоколунда кабыл алынган чечимдин негизинде бекитилген.


    Тектеш материалды окуу