Жарыяланган
2025-31-07, 10:09Ош облусундагы "Пилорама" ишканасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана мурда Алай районунун Сопу-Коргон айылдык башкармалыгыныкы болгон. Бирок 2017-жылы мыйзам бузуу менен анын экси имараты жана 57 сотик жери жеке колго берилип кеткен. Жердин баасы болжол менен 15 млн сомду түзөт.
Териштирүу иштеринин натыйжасында ишкананын имараты менен жери мамлектеке ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилген.