
Жарыяланган
2025-18-11, 10:01УКМК тарабынан Бишкек мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда этти чекене жана дүңүнөн саткандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат, быйыл 11-августтан тарта эттин баасын кымбаттатпоо үчүн мамлекет анын баасын көзөмөлгө алганын эске салат. Анын негизинде эң кымбат сатылган эттин (сулп эттен тышкары) баасы 690 сомдон ашпаш керек деп белгиленген.
Түшүндүрүү иштери учурунда ишкерлерге этти Монополияга каршы кызмат коюп берген баада сатуу керектиги, жасалма түрдө көтөрүүгө жол берилбеши зарыл экени айтылган. Бул талаптарга баш ийбегендер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылары эскертилген.
Ошондой эле УКМК мыйзам чегинен чыгып, эттин баа саясатына саботаж кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
Эскерте кетсек, этти Монополияга каршы кызмат коюп берген баадан кымбат саткан жарандарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.



