Akchabarsearch
    УКМК Кара-Балтанын мэринин кармалышы боюнча үн катты

    Жарыяланган

    2025-01-07, 13:45

    УКМК Кара-Балтанын мэринин кармалышы боюнча үн катты

    УКМК Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшеновдун жана "Жол-курулуш башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кармалышы боюнча үн катты.

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар пайда көрүү максатында Кытайда чыгарылган 17 автобусту кымбат баада сатып алган деп шектелүүдө. Натыйжада мамлекетке 17 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

    Мэр Мирлан Жекшенов менен "Жол-курулуш башкармалыгынын" жетекчиси С.Ш. 30-июнда кармалган.

    Андан тышкары Кара-Балтага бөлүнгөн 1 млрд сом боюнча аткарылган иштерди текшерүүдө жол оңдогон компаниялардын биринин жетекчиси блогерлерге акча берип жалдап, ар кандай чагымчыл видеолорду тараттырып, УКМКнын коррупциялык схемаларды жоюу иштерине көө жабууга аракет кылганы аныкталган.

    Блогерлерге акча берип жалдоо, УКМК кызматкерлерин шантаж кылуу аракеттери сыяктуу фактылар катталган.

    Жыйынтыгында жол оңдоо иштерин аткарган "Плаза" компаниясынын башчысы М.М. жана Ы.Н., Ж.Ж. аттуу блогерлер кармалып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 


    Тектеш материалды окуу