
Жарыяланган
2026-16-09, 11:40Мектеп окуучулары үчүн басылып, акысыз берилиши керек болгон китептердин базарларда сатылышы боюнча укук коргоо органдары текшерүү баштады. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев берген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Агартуу министрлиги окуучуларга акысыз берилет деген китептер кантип базарга чыгып кеткенин, ага кимдердин катышы бар экенин, буйрутма боюнча канча китеп басылганын жана анын канчасы басып чыгарылып берилгенин текшерет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.



