
Жарыяланган
2026-01-04, 14:56Ош облусунун Араван районунда жана Ош шаарында 10 жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалым болгондой, аталган жарандар лицензиясы жок туруп акча алмаштырып иштегени үчүн ар бирине 17.5 миң сомдон, жалпы 175 миң сом айып салынган.



